Биз менен байланышыңыз

Ошто шаар күнү белгиленүүдө

Кыска кабар | 5 Окт 2019 | 1438 | 0

Ош шаары 3019 жылдыгын белгилеп жатат. Ага карата бир катар майрамдык иш-чаралар, «Боорсок фестивалы», гүлдөрдүн жарманкеси өткөрүлүүдө.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов шаар тургундарына майрамдык куттуктоо жолдоду. Анда Ормонов Ош дүйнөдөгү эң байыркы, шаарлардын бири, Жибек жолунун түйүнү экенин белгилеген. Ошондой эле Ош өзүнүн өнөр-жайы, жогорку квалификациялуу адистерди даярдап жаткан бир нече жогорку окуу жайлары, заман талабына шайкеш иш алып барып жаткан маданий, илимий мекемелери бар, көп улуттуу эли менен сыймыктанган касиеттүү калаа экенин эске салган.

«Өзгөчө кийинки жылдары сүйүктүү шаарыбыз Түштүк борбору макамына ылайык келип, мартабасы жогорулады. Бул жетишкендиктерге баарыбыз күбө болуудабыз. Урматтуу, мекендештер, ылайым баарыбыздын ушул аруу максат-тилектерибиз ишке ашсын. Ордолуу Ош шаарыбыз ар тараптан гүлдөп, өсүп-өнүгө берсин. Ал үчүн мамлекетибиздин жана ордолуу шаарыбыздын чыныгы мекенчил жараны катары баарыбыз өз салымыбызды кошолу», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM