Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңеши Тажикстандын айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш — Ак-Сай – Рават жолуна Жеңиш Разаковдун ысымын ыйгарууну сунуштайт.
Жергиликтүү Кеңеш мындай чечимди Разаков Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп турган кезде, 2016-жылдын март айындагы сессиясында кабыл алган. Токтом Юстиция министрлигинин расмий сайтына да жайгаштырылган.
Ал арада бул чечим айрым колдонуучулар тарабынан фейсбукка жарыяланып, ал жолго ысымын ыйгарууга Жеңиш Разаков канчалык татыктуу экени кызуу талкууга алынууда.
Токтом Юстиция министрлигинин сайтынан алынды.
тооба кылдым
04.10.2019 20:35
мнеге жеништин аты коюлат сразу еле имомали рахмондун еле атын койгула.Калмактар