Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Учурда парламенттин тарашына эч кандай негиз жок

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 630 | 0

Ушул тапта социалдык тармактарда кызуу талкуу болуп жаткан Парламент тарашы мүмкүн деген такталбаган маалыматтарга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өзүнүн позициясын билдирди.

«Азыркы учурда ага эч кандай негиз жок. Андай демилге же сунуш да жок. Жогорку Кеңешти таратуу жол-жоболору Баш мыйзамыбызда так белгиленген«, — деп билдиргенин Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM