Connect with us

Маматалиев: Өкмөт Нарын ГЭСин жандандырууну унутуп калды

Күн чекит | 15 Сен 2019 | 940 | 0

Орусия компаниялары Кыргызстандагы 5 электростанция курулушун жандандырууга даяр. Бул тууралуу Орусия Президенттик Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Приходько билдирди. Анын айтымында, ишти баштоо үчүн Кыргызстан тарап адегенде бир нече талаптарды аткарууга тийиш. Маселен, буга чейин алган 37 миллион доллар карыздын чечимин табышы керек. Ошондой эле, 2016-жылы Кыргызстандын депутаттары бул маселени чечүү аракетин көрүшөрүн айтканын, бирок убада орундалбаганын эскерткен. Кийинчерээк «РусГидронун» карызын төлөп, электростанциянын ишин улантуу үчүн жаңы инвестор издөөгө киришкенин, бирок эч кандай жыйынтык болбогонун кошумчалаган.

Биз бул теманын тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курдук.

— Орусия тарап «Нарын ГЭСин улантууга даярбыз» деген маалымат таратыптыр. Эми буга өкмөт кандай реакция кылышы керек?

— Биз 2012-жылы документтерге кол койгонбуз. Анда «Камбар-Ата-1» ГЭСин жана Нарын ГЭСтер каскадын курмакпыз. Аны менен катар, дагы 4 ГЭС бар болчу. Учурда ГЭСтерди куруу бизге абдан зарыл болуп маалы. Акыркы 10 жылда суу аз деген маалыматтар кетип жатат. Бирок бизде суу көп болуп туруп, коңшу Казакстандан же башка мамлекеттерден электр энергиясын алган уят эле нерсе. Эгерде жогоруда аталган ГЭСтер курулуп бүтүп калганда, тескерисинче, электр энергиясын башка өлкөгө импорттомокпуз. «Камбар-Ата-1» ГЭСи Токтогул ГЭСине салыштырганда — бир топ эле чоң. 1 млрд кВт көп алмакпыз.

— Нарын ГЭСин жандандырууга бир гана Орусия мамлекети даяр экен. Бул ГЭСти бүтүргөнгө башка инвестор табылбайбы?

— Орусия тарап мындан 7-8 жыл мурун Нарын каскадын курууну колго алган болчу. Бирок 37 млн сом гана сарпташкан. Анткени, ошол мезгилде Украина менен кризис чыгып, чыгыш мамлекеттерине санкция киргизип, финансы жактан бир топ кыйналган эле. Ошондой эле, Крымдагы чоң-чоң долбоорлорго каражатты жумшап жиберишкен. Ошол себептен Кыргызстан экинчи планга жылып кеткен болчу. Эгерде мындай мүчүлүштүктөр болбогондо, биз ГЭСтин биринчи жакшылыктарын көрүп калмакпыз. 2016-жылы башка мамлекеттеги инвесторлорду тартып келүү максатында көп эле компанияларга кайрылдык. Эгерде Кытайды ала турган болсок, алар азыр деле куруп берүүгө даяр. Бирок бул вариант болбойт. Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карыздарынын 50%ы Кытайда. Мындан башка бизде бир жол бар болчу — ал, батыш мамлекеттери менен келишим түзүү. Тилекке каршы «Liglass Trading» компаниясы менен түзгөн келишимдин аягы жаман бүтүп, батыш мамлекеттерине да уят болуп отуруп калдык.

— Буга чейин бул ГЭСти курууга Чехия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөгү компанияларды тартууга аракеттер болгон эле. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Эмне үчүн мындай болуп жатат?

— Нарын ГЭСин курууга Каримов каршы чыккан. Орусияны ишти солгундатканы да, Өзбекстан жана Казакстан тараптын каршы чыккандыгынан болгон. Анткени, геосаясатын ойлоп коюшкан. Ал эми Өзбекстандын азыркы президенти ишти жандандырууга макул. Эгер чын-чынына келгенде келечекте ар кандай нерсе болуп калышы мүмкүн да, ошондо биз сууну толугу менен жаап койгонго мүмкүнчүлүгүбүз болуп калат. Бирок булар үчүн анын кереги деле жок. Эмне үчүн ГЭСтерди курууга инвесторлор табылбай жатат? Биздин тариф арзан жана өзүн актоо үчүн 15 жылдай убакыт керектелет. Экинчи маселе, өкмөт бул тарапты такыр унутуп калды.

«Русгидро» Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга инвестор табышат

— Аталган ГЭСтин мындан аркы саясаты, тагдыры эмне болот?

— Бизде бир гана жол бар. Эгерде Орусия тарап маалымат таратып, кайрадан ишти жандандырууга макул болуп жатса, мүмкүнчүлүктү колго алыш керек. Бирок буга чейин болгон кырдаалды эске алуу менен, кандай гана кризис болбосун, бул ишти токтотпоо үчүн пландар түзүлүшү керек. Кыргызстан үчүн Нарын ГЭСинин орду чоң. Биз башка майда-чүйдө иштерди токтотуп, ушуга көңүл бурушубуз керек. Анткени, буга суусап турган чагыбыз. Депутаттар четте карап турбай, талкууга коюп, керек болсо, токтом да кабыл алышыбыз керек.

Copyright © 2017 Maral FM