Биз менен байланышыңыз

«Русгидро» Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга инвестор табышат

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 938 | 0

«Русгидро» Кыргызстандын Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоорун иштетүүнү пландабайт, бирок инвестор табууга көмөктөшөт. Бул тууралуу «Русгидронун» башчысы Николай Шульгинов инвесторлор күнүнө карата өткөн иш-чарада журналисттерге билдирген.

“Биз бул долбоорду улантуу ниетибиз жок, бирок инвестор табууга мындан ары жардам берүү боюнча сүйлөштүк. Азыр долбоордун техникалык, экономикалык негиздемесин көрүп, аны кайра колго алууну туура көрбөйбүз»-, деди Шульгинов.

Эске салсак, 26-февралда Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолуккан. Анда Жогорку Нарын каскады тууралуу маселе козголуп, ага байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө алып келери айтылган.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң «Русгидро» курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат.

«РусГидродон» кийин чехиялык «Liglass Trading» компаниясы менен келишим түзгөн. Өкмөт чехиялык ишкерлер Кыргызстандын «РусГидрого» болгон карызын төлөй турганын жарыялаган. «Liglass » келишимдин шарттарын аткара албай, бул келишим да токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM