Биз менен байланышыңыз

Узакбаев: Бийлик алмашканда мурдагы келишимдер эске алынбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Сен 2019 | 522 | 0

Бийлик алмашканда мурдагы келишимдер эске алынбай, кайра жаңысы түзүлөт. Келишим, токтомдор эмненин негизинде жокко чыгарылып, узартылып жатканы боюнча жооп жок. Бул маселелер жакында парламенттин жыйынында каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев «Маралда» «Айлампа» программасына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр» боюнча кол коюлган акыркы келишимде Кыргызстанга каржылык чоң пайда бар, каражат эки эсеге көбөйтүлдү. Анын алкагында аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк жана жаратылышты өнүктүрүү фонддору түзүлдү.

«Кыргыз өкмөтү экологиялык доодон баш тартканы үчүн келишимге кол коюлду. Экологияны каражатка теңей албайбыз, бирок экономикалык жагын да карашыбыз керек. Алсак, мунайзат өндүргөн мамлекеттер да экологияны сактоо менен экономикасын өнүктүрүп жатат. «Кумтөр» экономикалык жактан мамлекеттин бюджетине чоң таасир берет. Ал эми экология жаатына келсек, 150 млн доллар өтө аз. Биз жоготкон 2 мөңгүнү суу кылып сатсак, канча каражат түшөрүн эч ким эсептеген жок», — дейт Узакбаев.

Эл өкүлү кийинки жумада атайын комиссия «Кумтөр» кенинен кабар аларын билдирди.

Узакбаевдин маалыматына таянсак, «Центерра» компаниясына 1994-жылы 10 миң 700 гектар жер 15 жылга берилген. 2009-жылы ал келишимдин мөөнөтү узартылган.

«Кумтөр» кенин казуу 2026-жылы токтошу керек болчу. Бирок келишимдин мөөнөтү бүткөн сайын улам узартылып жатат. Азыркы келишим боюнча чалгындоолор жүрсө (ага 26 млн доллар бөлүнүүдө), келишим кайра узартылышы ыктымал. Кумтөрдөгү кендин запасы ага жол берет», — дейт депутат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-августунда кыргыз өкмөтү «Центерра» компаниясы менен стратегиялык келишим күчүнө киргенин жарыялаган. Ага ылайык, мамлекетке учурдагы салыктардан сырткары дагы 150 млн доллар түшөт.

Келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда кол коюлган.

“Кумтөр” кенинде канча алтын калганы айтылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM