Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Окуучуга футболдук дарбаза кулап түштү

Кыска кабар | 8 Сен 2019 | 577 | 0

Бишкекте бешинчи класстын окуучусуна футболдук дарбаза кулап түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Окуя Ак-Ордо жаңы конушундагы №96 мектепте болгон. Дене тарбия сабагы учурунда өспүрүмгө футболдук дарбаза кулап, ал эсин жоготкон.

Жабырлануучу учурда Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Анын абалы жакшы экени айтылды.

Белгилей кетсек, аталган окуу жай 2016-жылы октябрь айында ачылган. Мектеп 960 окуучуга ылайыкташкан, бирок учурда 2 миң 950 окуучу билим алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM