Биз менен байланышыңыз

Улуттук көчмөндөр оюндары: Спорт оюндары 16-сентябрда башталат

Кыска кабар | 8 Сен 2019 | 458 | 0

Таласта өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө улуттук спорт оюндары 16-сентябрда, ал эми маданий иш-чаралар 19-сентябрда старт алат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Талас шаарында атайын штаб ачылып, маданий иш-чараларды даярдоо иштери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын максаты — өлкөдөгү элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркөндөтүү. Ошондой эле, этностор жана элдер арасында толеранттуу мамилени курууга үндөө болуп эсептелет.

Эске салсак, Улуттук көчмөндөр оюндары 2019-жылдын 16-21-сентябрь күндөрү Таласта өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM