Биз менен байланышыңыз

Бүгүн комузчу Карамолдо Орозовдун айкелине гүл коюлат

Кыска кабар | 8 Сен 2019 | 478 | 0

Бүгүн, 8-сентябарда залкар комузчу Карамолдо Орозовдун Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы айкелине гүл коюлуп, Куран окутулат.

Ошондой эле комузчулардын концерти да орун алат. Мындай саамалык президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон «9-сентябрды Комуз күнү деп белгилөө» жарлыгынын алкагында уюштурулат.

Белгилей кетсек, «9-сентябрды Комуз күнү деп белгилөө» жарлыгынын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бир катар иш-чаралардын планын бекиткен.

9-сентябрда саат 10до Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жыйындар залында илимий-практикалык конференция, саат 12.30да Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында залкар акын, чебер күүчүнү эскерүү, 16.30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде «Комуз — улуттук сыймык» аттуу көргөзмө, 18:00дө аталган мекеменин чоң залында «Таңшысын комуз» аттуу гала-концерт өтөт.

Мындан тышкары, өлкө аймактарындагы бардык коомдук жайларда аталган күнгө карата ар кандай иш-чаралар белгиленип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM