Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Аскерде кызмат өтөө мөөнөтү баарына бирдей болот

Дүйнө | 8 Сен 2019 | 385 | 0

Өзбекстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү расмий түрдө 12 айды түзөт. Тийиштүү мыйзамга өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгонун centralasian.org жазып чыкты.

2002-жылдын 12-январында кабыл алынган «Жалпы аскердик милдет жана аскер кызматы» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Ага ылайык, аскерде кызмат өтөө мөөнөтү баары үчүн 12 ай болуп бекитилди.

Буга чейин аскерде кызмат өтөө катардагы жана сержант курамындагылар үчү 12 ай, жогорку билимдүүлөр менен офицердик курамдагылар үчүн 9 айды түзүп келген.

Мыйзам боюнча аскерге чакыруу апрель-май айларында болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM