Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кыргызстан Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк институтка кечигип кошулуп жатканын сындады.
— Казакстан менен Тажикстандын бул институтка киргенине көп убакыт болуп, миллиондогон акча алып келип жатат. Биз эмне себептен кеч кошулуп жатабыз? Мыйзам долбоору 2012-жылы иштелип чыккан экен. Реалдуу жашыл экономикага өтүү үчүн Экономика министрлигинин эмне сунуштары бар? Электромобилдер качан чыгарыла баштайт? Мунун баары жөн эле сөз болуп калып жатат, реалдуу сунуштарды бербейсиңерби? Силер электромобиль эмес, айыл чарбасын кайра иштетүүнү жолго коюп алгыла.
Экономика министри Санжар Муканбетовдун айтымында, Кыргызстан бул мыйзамды кабыл алса, бир топ артыкчылыктар боюнча иш алып барат. Алар: «жашыл энергетика», «жашыл айыл чарбасы», «жашыл өндүрүш», «экологиялык таза транспорт», «туруктуу туризм», «жашыл шаарлар».
Мындан тышкары, министрликтин маалыматы боюнча, 2018-жылы «Жашыл» климаттык фонду Кыргызстанга 9,6 млн доллар сумма бөлгөн. Азыркы күндө бул долбоор жүзөгө ашырыла баштады. Министрлик бул фонддун шарттары жөнөкөй эмес экенин кошумчалады.
Бүгүн күн тартибинде Кыргызстандын Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга кошулуусу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.