Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 394 | 0

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, Кыргызстандын Чек ара кызматы эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, түшүнбөстүк бүгүн, 31-августта Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон. Тажик тарап такталбаган аймакка асфальт төшөй баштаган. Чек арачылар ишти токтотууну өтүнүшкөн. Бирок алар эч кандай аракет көрбөгөндүктөн чек арачы эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Тажик тарап Кыргызстандын чек арачыларына таш ыргыта баштаганда кыргыз тараптагы жергиликтүү тургундар да окуяга аралашкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал чечилгенин кабарлады.

Окуя болгон жерге укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып коңшу элдин жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Андан соң тажик тарап асфальт төшөөнү токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM