Биз менен байланышыңыз

2-3-сентябрда абанын күндүзгү табы төмөндөйт

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 360 | 0

2-3-сентябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тооолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;

Таласта түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20 градуска жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM