Биз менен байланышыңыз

Ош: Вице-мэр Жасур Азимовго байланыштуу мэрия билдирүү жасады

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 590 | 0

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго байланыштуу окуя дем алыш күнү кечинде болгон. Вице-мэр мас абалда экендигин мойнуна алып, жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал мыйзамга баш ийип, наркологияга барган. Автоунаасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берип кеткен. Ал автоунааны өзү башкарып жүрбөгүнүн, бирок өзүнө таандык унаа экендигин айткан.

Ошентсе да окуяга байланыштуу вице-мэрге кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.
Ал эми вице-мэрди видеого тартып, интернетке тараткан милиция кызматкеринин иш аракетине ИИМдин ички иликтөө кызматы баа берет.

Эске салсак, кечээ 28-августта соцалдык тармакта милиция кызматкери тарткан видео тарап, коомчулукта каттуу талкууга кабылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM