Биз менен байланышыңыз

«Күмүш Акбузат» кинофестивалында кыргызстандык эки тасма сыйлыкка татыды

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 376 | 0

Башкортостандын борбору Уфа шаарында өткөн «Күмүш Акбузат» эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Фестивалда кыргызстандык эки тасма сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматовго «Аврора» тасмасы үчүн «Мыкты режиссердук иш» сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыкты аземге катышууга келген тасманын продюсери Нурлан Анарбаев алган.

Ошондой эле, Айбек Дайырбеков «Дарак ыры» тасмасы үчүн Башкортостандын Кинематографисттер бирикмесинин Малик Якшимбетов атындагы атайын сыйлыгына татыктуу болгон.

«Күмүш Акбузат» эл аралык кинофестивалы Уфа шаарында 24-27-август күндөрү болуп өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM