Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда күчү 6 баллга жеткен жер титиреди

Кыска кабар | 13 Авг 2019 | 461 | 0

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады. Жер титирөө 12-август күнү саат 23:14тө катталып, силкинүү күчү Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой, Кыргызстан, Жийде, Кайрат, Ак-Терек айылдарында 6 баллга жеткен.

Салам-Алик, Ор-Казган, Ара-Көл, Эркин-Тоо, Красный-Маяк, Жылалды, Мырзаке айылдарында жана Өзгөн шаарында 5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Сузак, Калмак-Кырчын айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Copyright © 2017 Maral FM