Биз менен байланышыңыз

Президент УКМК жетекчисинин отставкасын кабыл ала элек

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 402 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 8-августтагы кезексиз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаевдин отставкасын кабыл ала электигин билдирди.

Орозбек Опумбаев бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында отставкага кетерин айтып, Сооронбай Жээнбековго отставкасы тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирген.

Ал депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып, Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүүдөгү кемчилик үчүн жоопкерчилик сезип жатканын билдирди

Учурда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын талкуулап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM