Биз менен байланышыңыз

Президент парламенттин кезексиз жыйынына катышууда

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 507 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 8-августтагы кезексиз жыйынына катышууда. Ал мурунку президент Алмазбек Атамбаев мыйзамды одоно бузганын дагы бир жолу айтты.

Өлкө башчы азыркы учурда Атамбаевге байланыштуу 5 кылмыш иши боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Ал дагы башка кылмыштардын изи чыгып жатканын кошумчалады.

Жыйынга жалпысынан 61 депутат катталганы таблодо көрсөтүлдү. Бүгүн депутаттар Кой-Таштагы акыркы окуя, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн жүргүзүлгөн атайын операция, анын курмандыктары жөнүндө талкуулашууда.

Жыйын башталар алдында депутат Мирлан Жээнчороев президентти же өкмөт башчыны жыйынга чакырууну сунуштаган.

7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алды. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Бүгүн да Атамбаевдин тарапташы чогулуп, Атамбаев өзү билдирүү жасады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 52ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM