Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Бизди да кармаганда мыйзамга баш ийгенбиз, Атамбаевди калкалабагыла

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 775 | 0

Бизди да кармаганда биз баш ийгенбиз, мыйзам алдында жооп берели дегенбиз. Соттун чечимин күткөнбүз, эмне үчүн Атамбаев анда кылбайт? Мындай суроону бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында депутаты Талант Мамытов койду.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана күч органдарын сындаган кесиптештерине Атамбаевди калкалабагыла деп айтты.

-Биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга карабай бүгүнкү тема боюнча айталы. Эмне үчүн Атамбаев жөнүндө айпайсыңар. Ал курал колдоном деп, бейкүнөө кызматкердин өлүмүнө себеп болду. Азыр баарыңар тиги күнөөлүү, бул күнөөлүү, отставга кетсин деп отурасыңар. Бизди да кармаганда биз баш ийгенбиз, мыйзам алдында жооп берели дегенбиз. Соттун чечимин күткөнбүз, эмне үчүн Атамбаев анда кылбайт? Силер сөздү айландырбагыла. УКМК жана милиция ошол жерде жарадар кылып албайлы, тергөөчүнүн тапшырмасын аткаралы деп резина куралы менен гана барышты. Ойлонуп сүйлөйлү, мыйзамдуулукту камсыз кылып, тез арада чара көрүш керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM