Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: УКМКнын операциясы ойрон болду

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 675 | 0

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисин даярдыксыз операция жүргүзгөнү үчүн сындады.

Ал Атамбаев буга чейин да курал колдонорун айтып келгенин, буга даяр болуш керек эле деп айтты. Ошондуктан Опумбаев да ИИМ Кашкар Жунушалиева да кызматтан кетиши керектигин кошумчалады.

Бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетерин айтты.

Ал депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып, Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүүдөгү кемчилик үчүн жоопкерчилик сезип жатканын айтты.

Опумбаев президент Сооронбай Жээнбековго отставкасы тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM