Биз менен байланышыңыз

УКМКнын жетекчиси Опумбаев отставкага кетерин билдирди

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 858 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев парламенттин кезексиз жыйынында отставкага кетерин айтты.

Ал депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып, Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүүдөгү кемчилик үчүн жоопкерчилик сезип жатканын билдирди

Опумбаев президент Сооронбай Жээнбековго отставкасы тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан.

Учурда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын талкуулап жатат.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алды. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Бүгүн да Атамбаевдин тарапташы чогулуп, Атамбаев өзү билдирүү жасады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 52ге жетти.

 

Copyright © 2017 Maral FM