Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сарыдагы кенди 2033-жылга чейин иштетүүгө лицензия берилген

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 369 | 0

Жогорку Кеңештин 8-августтагы кезексиз жыйынында Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенди иштетүү ызы-чуусу боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат берди.

Анын айтымында, 2009-жылы кытай компаниясына чалгындоо үчүн лицензия берилген. Анын негизинде 12 тонна алтын бар экени аныкталган. 2010-жылдагы окуялар учурунда элдин нааразылыгы менен жабдыктар өрттөлүп, иш токтогон. 2013-жылы лицензия кайра жаңыртылып, 20 жылга берилген. 2015-жылы дагы бир лицензия берилген.

2018-жылдын аягында элге түшүндүрүү иштери жүрүп, элдин макулдугу менен курулуш иштери башталган. 211 млн сом бонус катары төлөнгөн. 38 млн сом эки айыл өкмөтүнө төлөнгөн. Мындан тышкары, 400 млн сом курулуштарга жумшалган.

Абылгазиевдин айтымында, буга чейинки өкмөт кенди иштетүүгө лицензияны туура эмес берип, элге түшүндүрбөгөндүктөн анын кесепети азыр билинип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM