Биз менен байланышыңыз

УКМК жетекчиси: Ок атууга уруксат бербегениме өкүнүп жатам

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 728 | 0

Алмазбек Атамбаев өзүнүн белекке келген куралы менен менин аскерлериме атты. Алардын алтоосу ок жеди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев парламенттин кезексиз жыйынында айтты.

Опумбаев мындай болуп кетерин күтпөгөнүн, Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуу менен 26 бирдик резина куралдарын, 14 коргонуучу автомат, 15 тапанча жана окторду тартып алышканын билдирди.

25 аскер ар кандай жаракат алган, анын үчөө жандардыруу бөлүмүндө, биринин абалы оор.

-Мен түнү менен балдардын жанында жүрдүм, сүйлөшүү өткөрүп жаттык. Эртең менен да акыбалынан кабар алдым. Бирок сүйлөшүүлөргө карабай, барымтага алган аскерлерди кое беришкен жок. Биз Атамбаевдин куралсыз жаш балдарга ок атышын күткөн эмеспиз. Мен чынын айтсам, ок атууга уруксат бербегеним үчүн өкүнүп жатам.

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынын өткөрүп жатышат. Депутаттар Кой-Таштагы акыркы окуя, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн жүргүзүлгөн атайын операция, Солтон-Сарыдагы кырдаалды талкуулап жатышат.

Жыйын башталар алдында депутат Мирлан Жеенчороев президентти же өкмөт башчыны жыйынга чакырууну сунуштады.

7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алды. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM