Биз менен байланышыңыз

Опумбаев: Аскерлер Атамбаевди суракка алып келүү үчүн гана барышкан

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 485 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мажбурлоо түрдө кармоо боюнча атайын операцияда жалаң резина куралдары колдонулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев парламенттин кезексиз жыйынында айтты.

Анын билдирүүсүндө, 7-августта түнкүсүн атайын кызматкерлер Атамбаевди сурак берүүгө алып келүүгө аракет кылгандыктан ок атуучу курал менен камсыздалышкан эмес. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары ок атуучу курал колдонушту. Алты аскер жараланып, командирдин орун басары Үсөнбюек Ниязбеков каза болду.

Ага тийген оку экспертизага жиберилген, анын жыйынтыгында кандай ок тийгени аныкталат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынын баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM