Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Абылгазиев керт башы менен жооп берет

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 696 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы окуя боюнча керт башы менен жооп бериши керек. Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков парламенттин чукул жыйынында айтты.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынын баштады. Жыйынга спикер Дастанбек Жумабеков жана төрагалык кылууда. Жалпысынан 61 депутат катталганы таблодо көрсөтүлдү.

Бүгүн депутаттар Кой-Таштагы акыркы окуя, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн жүргүзүлгөн атайын операция, анын курмандыктары жөнүндө талкуу кылышууд.

Спикердин айтымында, бүгүн өкмөт башчынын да маалыматы угулат.

7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алды. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Бүгүн да Атамбаевдин тарапташы чогулуп, Атамбаев өзү билдирүү жасады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 52ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM