Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште 61 депутат жыйынга катышууда

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 513 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынын баштады. Жыйынга спикер Дастанбек Жумабеков жана төрагалык кылууда. Жалпысынан 61 депутат катталганы таблодо көрсөтүлдү.

Бүгүн депутаттар Кой-Таштагы акыркы окуя, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн жүргүзүлгөн атайын операция, анын курмандыктары жөнүндө талкуу кылышат.

Жыйын башталар алдында депутат Мирлан Жеенчороев президентти же өкмөт башчыны жыйынга чакырууну сунуштады. Буга жооп кылып спикер Жумабеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул жыйынга катышарын билдирди.

7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алды. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Бүгүн да Атамбаевдин тарапташы чогулуп, Атамбаев өзү билдирүү жасады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 52ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM