Биз менен байланышыңыз

Айт намаздын программасы жарыяланды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 409 | 0

Кыргызстанда Курман айт 11-августта белгиленет. Анын программасы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Курман айт намазы Бишкек шаарынын эски аянтында окулат. Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылмакчы.

Айт намаздын программасы:

-Эртең мененки саат 06:15 — 07:15ке чейин Аалымдардын шарият боюнча насыяаттары айтылат;

-“Курбандык чалуунун жол жоболору” тууралуу маалымат берилет;

-“Айттын адамдар ортосундагы карым катнашка кошкон салымы” тууралуу;

-“Исламда кулк мүнөздүн орду” жөнүндө.

Саат 07:15 — 07:35ке чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Диний баалуулуктар, Курман айт пазилети” тууралуу айтып, элди куттуктайт.

Саат 07:35 — 07:45ке чейин Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзүн окуйт. Андан кийин Жогорку кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун куттуктоо сөзү окулат. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун куттуктоо сөзү угулат.

Саат 07:45те Айт намазы окулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM