Биз менен байланышыңыз

УКМК: Барымтага алынган аскерлер катуу сабалган

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 524 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда барымтага алынган аскерлер катуу сабалганын билдирди.

УКМК КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун айткандарына жооп берип, атайын операция учурунда желим октор менен атайын каражаттар гана колдонулганын айтты.

Экичиден, атайын кызматтын аскерлери Атамбаевдин үйү тарабынан атылган аскер огунан жарадар болушту. Алган жаракатынан бир аскер ооруканада каза болду. Үчүнчүдөн, акерлерди алардын кызматташтары калтырып кетти деген маалымат туура эмес. Барымтага алынган аскерлер катуу сабалган. Атамбаевдин тарапташтары тирүү тосмо катары аялдар менен балдарды пайдаланышкан.

УКМК Фарид Ниязовдун билдирүүсүн «аскердин өлүмү боюнча жоопкерчиликти тартип коргоо органдарына жүктөө аракети» катары баалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM