Биз менен байланышыңыз

Барымтага алынган аскерлерге меджардам көрсөтүлүүдө

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 511 | 0

Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевдин тарапташтары тарабынан барымтага алынган атайын кызматтын аскерлерине медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматында, алардын абалы орто оор деп бааланууда. Аскерлердин экөө жамбашынан ок жегендиги тууралуу алдын ала диагноз коюлду. Калган төртөө денесинин ар кайсы жеринен жараланган.

Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын жоокерлерин кое берүүгө даяр экенин билдиришти. Буга чейин Атамбаев да алар кое берилерин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM