Биз менен байланышыңыз

Сариев: Өкмөттүн ишине саясий баа берилиши керек

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 371 | 0

Мурунку премьер-министр Темир Сариев Атамбаевди кармоо аракети боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, Кой-Таштагы окуя өлкөдө саясий абалдын курчушуна алып келди.

Учурдагы абал көзомөлдөн чыгып кетти. Мындан ары дагы курчушу мүмкүн. Буга байланыштуу туруктуулукту камсыздоо боюнча чукул чаралар кабыл алынышы керек”, — деп айтылат Сариевдин билдирүүсүндө.

Ал Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн операциянын ийгиликсиз болуп, адам өлүмүнө чейин жеткендиги үчүн президент жана парламент өкмөттүн ишине саясий баа берилиши керек деп эсептейт. Бул үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү да кошулуп, Кой-Таштагы окуянын бардык тарабы иликтениши керек.

-Комиссиянын иши учурунда бийлик жана Атамбаевдин тарапташтары радикалдык аракеттерден алыс болушсун. Бардык саясий күч стабилдүүлүк жана мыйзамдуулукту орнотууга күч жумшасын.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM