Биз менен байланышыңыз

Чынара Жакыпова: Жаңы муун биригиши керек

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 468 | 0

Учурдагы жана мурунку аткаминерлердин бири дагы лидерликке татыктуу эмес. Мындай пикирин мурунку Билим берүү жана илим министри, коомдук ишмер Чынара Жакыпова фейсбук баракчасына жазды.

Анын пикиринде мындай кырдаалда күч колдонуу аркылуу каршылык көрсөткөн тарап бир дагы коомдук ишмер, диний ишмердин үнүн укпайт. Парламентте да бул маселенин каралышынан натыйжа чыкпайт.

Жакыпова учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди менен мурунку бажычы Райымбек Матраимовго жасалган мамиледе баланс сакталышы керек эле деп эсептейт.

Төмөндө Жакыпованын бир катар сунуштарын келтирдик:

1-Өкмөттү отставкага кетирүү;

2-Парламент өзү тарап кетиши керек;

3-Учурдагы президент айланасындагылардан коркууну токтотуп, жаңы муундан кризистик менеджерлерди кызматка алып келиши керек. Ошондо гана мөөнөтүнүн аягына чейин кызматта калышы мүмкүн.

4-Жогорку Кеңешке жаш саясий күчтөрдү алып келүү керек. Бул үчүн керек болсо шайлоо процессин өзгөртүүгө туура келсе, аны да жасаш керек.

5-Жаңы муун виртуалдык дүйнөдөн оолактап, бири-бири менен активдүү иштөөгө өтүшү керек. Алар социалдык тармактарда билдирүү жазуу менен гана чектелбестен реалдуу кадамдарга барышы зарыл.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM