Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аны колдогондор курал колдонбогонун, өзүндө гана курал болгонун айтты. Ал бүгүн тарапташтары менен жолугушуу учурунда митингге чыгууга даяр экенин билдирди.
Ошондой эле Кой-Ташта атайын операция учурунда каза болгон аскердин өлүмү өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун абийирине каларын кошумчалады.