Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Атамбаев мыйзамды одоно бузууда

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 576 | 0

Алмазбек Атамбаев Конституцияны жана мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө бузду. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Президенттин расмий сайты тийиштүү чечим кабыл алынганын жазды. Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет экендигин айтып, мамлекеттин бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу болуп эсептелерин билдирди.

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM