Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Бир гана менде курал бар

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 748 | 1

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын жыйыны өтүүдө. Анда Атамбаев барымтага алынган жоокерлер кое берилерин билдирди.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө чогулгандар сөз сүйлөп жатышат, анын алдында Мээрбек Мискенбаев бийлик элге ок атканын айтып, Ак үйдүн алдына келип президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылууга чакырды.

Атамбаев ошондой эле бүгүн күндүзгү саат 16.30дарда “Форум” имаратына тарапташтары менен келерин кошумчалады.

-Алгач “Форумга” барабыз, андан кийин керек болсо Ак үйдүн алдына барабыз. Мен бул убакытта үчүнчү кабатта отурдум. Бул жерде бир гана менде курал бар.

Маалыматтар боюнча, учурда Кой-Ташта 200дөй киши чогулуп турат.

1 пикир

1 пикир

  1. Жанар

    08.08.2019 12:06

    Атамбаев акылы болсо токтотуш керек.Оз керт башын ойллбой олкодогу тынчтыкты ойлоо кереу ушул тапта.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM