Биз менен байланышыңыз

Бүгүн өлкө аймактарында күн катуу ысыйт

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 381 | 0

Бүгүн, 8-августта Кыргызстандын аймактарында ысык аба-ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жала-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36-38°ка чейин жогорулайт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 1-августунда телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр, телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM