Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти Кыргызстандагы окуяларга көз салууда

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 598 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга көз салууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы жазды.

Мекеменин маалыматында, казак президенти коңшу Кыргызстанда орун алып жаткан окуя өлкөнүн ички маселеси деп эсептейт. Ал жагдайдын тез арада оңолушунан үмүт кылат.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Бүгүн да Атамбаевдин 200дөй тарапташы чогулуп турат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

https://tengrinews.kz/kazakhstan_news/tokaev-sledit-za-situatsiey-v-kyirgyizstane-375968/

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM