Биз менен байланышыңыз

Ниязов: Талаптар аткарылмайынча барымтадагы жоокерлер кое берилбейт

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 406 | 0

Кыргызстан социал демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов бийлик талаптарды аткарбаган үчүн барымтага алынган жоокерлер кое берилбейт деп билдирди.

Анын журналисттерге берген маалыматында, КСДП элден жоокерлерди кое берүүнү өтүнгөн. Бирок бийликке коюлган талаптар аткарылмайынча, жоокерлерлер кармалып турары айтылды.

-Биринчиден, күч түзүмдөрү дарбазанын сыртында толук даярдык менен турушат. Экинчиден, биз уюлдук байланышты калыбына келтирүүнү талап кылганбыз, бул аткарылган жок. Мындан тышкары, Атамбаевдин тарапташтары азыркы бийликтин күч колдонууну токтотооруна ишенбейт.

Фарид Ниязов кошумчалагандай, Атамбаев учурда Кой-Таштагы үйүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM