Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» күч колдонууну токтотууну талап кылды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 354 | 0

«Ата Мекен» саясий партиясы президент Сооронбай Жээнбековго билдирүү жолдоп, күч колдонуп тирешүүнү токтотуу керектигин билдирди.

Партиянын билдирүүсүндө, Атамбаевди кармоо аракети туңгуюкка кептелди, адам өмүрү кыйылып, күч органдары тапшырманы аткара алган жок. Ошондуктан тирешүүнү тез арада токтотуп, маселени чечүүнүн башка жолдорун издөөнү талап кылышты.

Партия азыркы абал жарандык согушка өтүп кетиши ыктымал экендигин эскертет.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM