Биз менен байланышыңыз

Парламенттин жыйыны саат 14.00гө белгиленди

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 443 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн күндүзгү саат 14.00дө чукул жыйынга чогулат. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, бул жыйынга парламент таңдан бери даярданып жатат. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, көпчүлүк эл өкүлдөрү аймактардан Бишкекке келе жатышат. Учурда кол топтоо жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламент бүгүн чечкиндүү чечим кабыл аларын билдирген.

Эске салсак, 27-июнда парламент мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алган. 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM