Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Парламент дагы жоопкерчилик алат

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 548 | 0

Өлкөдөгү акыркы кырдаалдын түзүлүшүндө парламент дагы жоопкерчилик алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары Мирлан Бакиров “Азаттык” радиосунун түз эфиринде айтты.

Парламент чукулбу, шашылышпы регламентке ылайык, Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча чечим кабыл алып берди. Андан кийинки кадамдар күч органдарына тапшырылган. Бүгүнкү кырдаалга түздөн-түз мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кыймыл-аракети кириптер кылды. Ал буга чейин дагы мыйзам алдында баары бирдей деп айтып келгени менен, өзү үч жолку чакырууга келбей койду. Жыйынтыгы ушуга алып келди.

Мирлан Бакировдун маалыматында, бүгүн күндүн экинчи жарымында парламент жыйын өткөрөт. Түндө кээ бир депутаттар чогулуп сүйлөшүшкөн. Бүгүн Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Эске салсак, 27-июнда парламент мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алган.

7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM