Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Азыркы кырдаалга бийликтин алысты көрө албаганы себеп болду

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 868 | 0

Өлкөдө азыркыдай кырдаалдын түзүлүшүнө бардык бийлик бутактарынын алысты көрө албагандыгы себеп болду. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Азаттык” радиосуна маек берип жатып айтты.

Ал бүгүн, 8-августта парламент чукул жыйынга чогулуп, өз позициясын билдирерин кошумчалайт. Депутаттын пикиринде, бул кырдаал эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброюн түшүрдү. Ошондой эле туристтик сезон да акырына чыгып калышы мүмкүн деген кооптонуу бар.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM