Биз менен байланышыңыз

Кой-Таштагы башаламандык боюнча териштирүү башталды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 763 | 0

Башкы прокуратура Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандык боюнча сотко чейин өндүрүш ишин баштады. Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, Кылмыш жаза кодексинин “массалык башаламандык”, адам өлтүрүү”, “барымтага алуу” беренелери боюнча иш козголду.

Мекеменин маалыматында, сотко чейинки териштирүү ишинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталды. Ал буга чейин үч жолу күбө катары сурак берүүгө чакырылган. Бирок келбегенине байланыштуу мажбурлоо менен алып кетүү чечими чыккан.

7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM