Биз менен байланышыңыз

Кой-Ташта жалпы 48 киши жаракат алды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 489 | 0

Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандыктан улам жаракат алгандардын саны 48ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Бишкек шаары жана Чүй облустук ооруканасына 48 адам кайрылган. Анын ичинен 9 киши амбулатордук дарыланууга жиберилди, 1 атайын кызматтын аскери каза болду. Мындан тышкары, 38 адам дарыланып жатышат.

Министрлик бардык ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, тийиштүү дары-дармек жетиштүү экенин маалымдайт.

Эске салсак, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Аскерлердин бири алган жаракатынан улам каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM