Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Батукаевдин бошотулушуна Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 442 | 0

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси болгон. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги таратты.

«Иликтөө учурунда Атамбаевдин түз буйругу менен жалган дартка кабылганын шылтоолоп Батукаевди бошотуу уюштурулганы аныкталган. Аламүдүн РИИБи тарабынан Атамбаевдин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу кагазы тапшырылган. Бирок ал себепсиз эле суракка келген эмес», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Эске салсак, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Аскерлердин бири алган жаракатынан улам каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM