Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө эң алдыңкы саякатчы эл аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 560 | 0

Бириккен Королдуктун эли 2018-жылы дүйнөдө эң көп саякаттоочу эл деп табылды. Бул тууралуу Аба транспортунун эл аралык ассоциациясы (IATA) чыгарган отчетунда белгиленгенин Tengrinews.kz булагы жазды.

IATA уюумунун расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Бириккен Королдукта 126 миллион жүргүнчү аба транспорту менен саякатка чыккан. Америкалыктар бул жарышта экинчи сапка жайгашты. Болжол менен 115 миллион жүргүнчү аба кемеси менен саякаттаган. 97 миллион саякатчы учкан Кытай үчүнчү катарга кирген. Андан ары немистер төртүнчү, франциялыктар бешинчи орунга жайгашкан.

Мында Азия-Тынчокеандар аймагы эң ири рынок болгон. Анда 1,6 миллиард жүргүнчү каттап, жалпы үлүштүн 37,1 пайызына барабар болгон. Европа экинчи, ал эми Түндүк Америка үчүнчү сапка жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM