Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сарыда абал тынч. Тиреш токтой элек

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 629 | 0

Өкмөттүн өкүлдөрү менен жолуккан Нарындын эли Солтон-Сары кенин иштеткен кытайлык “Jhong ji Mining” компания чыгып кетсин деген талабын коюшту. Үч сааттын ичинде талаптары аткарылбаса чет элдик компаниянын кызматкерлерин, техникаларын эл өзү чыгарышарын айтып жатышат.

Жолугушууга бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү барышкан.

Өкмөттүн өкүлдөрүнүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аракетине эл кулак салган жок. Учурда кендин айланасында 500дөй адам чогулуп турат.

Copyright © 2017 Maral FM