Биз менен байланышыңыз

Казакстанда кырсыктан каза болгондордун жакындарына Өкмөт башчы көңүл айтты

Кыска кабар | 3 Авг 2019 | 731 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Кызылордо облусунда жол кырсыгында каза тапкан Кыргызстандын жарандарынын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Өкмөт башчы кырсыкта жабыркагандарга жана алардын туугандарына жардам көрсөтүү, набыт кеткендердин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү боюнча өлкөнүн Ички иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигине тапшырма берди.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, Өкмөттүн аппаратына аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды ыкчам жиберип турууну милдеттендирди.

Эске салсак, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча 2019-жылдын 1-августунда Казакстандын  Кызылордо облусунун Кармакшин районундагы “Батыш Кытай – Батыш Европа” унаа жолунда “Тойота-Естима” жана “Мерседес Бенц” жүк ташуучу унаасы кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын 5 жараны көз жумган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM