Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында жабылган жолдор ачылды

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 1348 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары Ош-Исфана жолун ачты. Андан кийин кыргыз-тарап да Ак-Сай-Ворух жолун ачышты. Бул тууралуу «Маралга» жергиликтүү тургундар билдиришти.

Мамлекеттик чек ара кызматы учурда абал туруктуу экенин, чек ара тилкелери биргеликте кайтарылып жатканын билдирди.

Ошондой эле, эки тараптын тийиштүү жетекчилери, милиция кызматкерлери биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

24-июлда Ак-Сай айылында түшкө жуук чек арада Кыргызстандын күч түзүмдөрү жергиликтүү элге карата жардыргыч заттарды, жаш агыза турган куралдарды колдонду деген маалыматтар, видеолор тараган.

Ак-Сай айылындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Абдусаттар Бердиев «Маралга» билдиргендей, бир топ жергиликтүү тургун ар кандай жаракат алган. Чек арачылардын Тажикстандын Исфара-Ворух жолун ачабыз деген аракетине эл каршы чыкканда ушундай окуя болуп кеткен.

Ал эми Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы расмий маалымат таратып, милиция кызматкерлери Ак-Сай элине курал колдонду деген видео боюнча түшүндүрмө берди.

Милициянын маалыматында, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматын өтөп жаткан милиция кызматкерлери жолду тоскон тосмо жыгачтарды алуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда, жүк ташуучу «Камаз» унаасы менен келген айдоочу жолдун ортосуна шагыл төгүп салган.

Анын бул мыйзамсыз аракетине бөгөт коюуга аракет кылышкан милиция кызматкерлерин айылдын тургундары жабыла ташка алып, мыйзам талаптарына баш ийбей коюшкан. Жергиликтүү жарандар тарабынан ыргытылган таштан 3 кызматкер жаракат алган.

Жолду ачуу максатында милиция кызматкерлери атайын үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп, айылдын тургундарын жолдун четине сүрүп чыгарган. Андан кийин абал турукташкан.

Copyright © 2017 Maral FM