Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Түркия парламентинин депутатын кабыл алды

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 449 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент  2018-жылы Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2014-жылдан бери өтпөй калган жыйыны өткөнүн эске салды. Ошондой эле, соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жана экономикадагы келечектүү багыттарды аныктоо зарыл экенин баса белгиледи.

Түркия Улуттук улуу жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркеш президенттин кабыл алуусу үчүн ыраазылык билдирип, парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жакшы таасир этерин белгиледи. Ошондой эле, ал  түрк тарап конструктивдүү диалог үчүн ар дайым ачык экенин айтып, өз ара аракеттешүүнү мындан ары илгерилетүүгө даяр экенин маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM