Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасына барат

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 531 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусуна бүгүн саат 11де барат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурда чыр чыккан жерге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев барды. Ошондой эле, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да барат. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Ички иштер министринин орун басары жеринде жүрөт.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмодзода жолукту.

Ак-Сай айылынын Дача участкасындагы жолугушууда чек арада чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу, пикир келишпестиктин себебин аныктоо жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, эки элди ынтымакка чакыруу боюнча макулдашышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM